БЕТИ ТүГөНүү Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Катуу уят болуу, маскара болуу, уятка калып айласы кетүү. Беттин түгөнгөнүн же сезбей коюптурмунбу? (Сыдыкбеков). В.: Бети тултуюу. Кирерге жер таппай бетим тултуйду («Чалкан»).
БЕТИ ТҮГӨНҮҮ Фразеологический словарь кыргызского языка (2015) Катуу уят болуу, маскара болуу, уяты чыгып эмне кыларын билбей калуу. Беттин түгөнгөнүн мен сезбей коюптурмунбу? (Сыдыкбеков).